NEXT TV каналынын директору камакта калтырылды

NEXT TV телеканалынын директору Таалай Дүйшенбиевдин бөгөт чарасы каралды. Бул тууралуу журналисттерге адвокат Тимур Султанов билдирди.

Ал  3-майга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот. Мындай чечимди бүгүн борбордун Биринчи Май райондук сотунун судьясы Туратбек Бекенов чыгарды. 

Аталган канал Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысынын айтканына шилтеме берүү менен маалымат жарыялап, аны социалдык түйүндөрдө таратканы үчүн кылмыш иши ачылганы маалым болгон. Экспертиза бул маалыматта «улуттар аралык кастык козутуучу белгилер бар» деп тапкан. Каналдын директору кармалып, 48 саатка камакка алынган.