Next TV телеканалынын жетекчиси Таалай Дүйшөнбиевдин иши сотко өттү. Бул тууралуу маалымат жыйынында юрист Акмат Алагушев билдирди.
Анын айтымында, Таалай Дүйшөнбиевге Фейсбук жана Инстаграм социалдык түйүндөрүндө билдирүү жасагандыгы үчүн 330-берененин «расалык, улуттук, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу» боюнча кылмыш иши козголгон. Биринчи соттук отурум 14-июлга белгиленди.
Аталган канал Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысынын айтканына шилтеме берүү менен маалымат жарыялап, аны социалдык түйүндөрдө таратканы үчүн кылмыш иши ачылганы маалым болгон. Экспертиза бул маалыматта «улуттар аралык кастык козутуучу белгилер бар» деп тапкан. Каналдын директору кармалып, камакка алынган.