«Нике кыйылып, Орусияда жашап жүрүшкөн». Кеминде 15 жаштагы кыз көз жарды

3-август күнү болжол менен саат 09:15 чамаларында Кемин РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, жашы жете элек кыздын төрөгөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.

Кемин РИИБдин кызматкерлери тарабынан жоргорудагы жаңы төрөгөн кыздын өздүгү такталып, анын 2006-жылы туулгандыгы аныкталган.

«Териштирүү учурунда, 2006-жылы туулган кыз ата-энеси ажырашкандан кийин, алардын бири менен акыркы үч жылдан бери Орусияда жашап жүргөн. Алдын ала малыматтар боюнча, 2020-жылы аны 2001-жылы туулган бала менен тааныштырып, аларга нике кыйылып, ошол жакта жашап жүрүшкөн. Кийин кош бойлуу болгондон кийин өз мекенине кайтып келип, Кемин районундагы айылдарынын биринде туугандарынын үйүндө жашап жүргөн. Үстүбүздөгү жылдын 2-август күнү болжол менен саат 06:30 чамаларында анын төрөгөндүгү маалым болгон.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 164-беренеси (он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) боюнча катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.