«Никесиз кош бойлуу болуп калган». Таласта токой жээкте төрөгөн келин, ымыркайын көмүп салган

13-май күнү Талас ШИИБге облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн дарыгери телефон аркылуу билдирүү жасаган. Анда ал Талас шаарынын 1983-жылы туулган тургуну төрөттөн кийинки абалда, наристеси жок кайрылганын айткан. Аталган факты каттоого алынган.

Окуяны териштирүү максатында ыкчам тергөө тобу чыккан. Текшерүү учурунда келин Талас шаарында 4 баласы менен жашап жүргөн аныкталган. Ал эми 2021-жылдын октябрь айында никеси жок кош бойлуу болуп калган. Талас шаарында токой жээкте сейилдеп жүргөн маалда толгоосу башталып, ошол жерден төрөп, андан кийин эмне кылаарын билбей жаңы төрөлгөн ымыркайды тирүүлөй көмүп, кетип калгандыгы аныкталган.

Аталган окуя боюнча соттук-медициналык эскпертиза дайындалып, ымыркайдын жансыз денесине экспертиза дайындалды. Аталган факты боюнча 14-майда кылмыш иши козголду. Кылмыш иши боюнча тиешелүү эскпертизалар дайындалды. Учурда шектүү гинекология бөлүмүндө дарыланууда.