Ноокатта катталган жол кырсыгынан каза болгон 5 адам жакын туугандар болгон

Ноокат районунда болгон жол кырсыгынан каза болгон 6 адамдын бешөөсү бир үй-бүлөдөн болгон. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жергиликтүү бийликтин өкүлү билдирди.

Кечээ, 13-июнда Ош-Ноокат-Исфана жолунда Honda Fit жана Daewoo Matiz унаалары кагылышып, анын кесепетинен 6 адам каза болгон. Кырсыкка кабылган Daewoo Matiz унаасында 1965-жылкы аял жана анын рулдагы 1987-жылы туулган баласы, ошондой эле 1989-жылкы кызы 4 баласы менен төркүнүнө келе жаткан. Бир унаанын ичиндеги жүргүнчүлөрдөн 1989-жылкы келиндин эки баласы гана аман калган. Алар учурда оорукананын реанимация бөлүмүндө медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө.

“Бүгүн, 14-июнда 1965-жылкы аялдын жана 1987-жылкы баласынын сөөгү Баткен облусундагы Кадамжай районуна караштуу Охна айыл аймагында жерге берилди. Ал эми 1989-жылкы келин эки баласы менен Ош облусунда кайын журту тарабынан жерге берилет”, — деп билдирет жергиликтүү бийлик өкүлү.