Ноокат районундагы жол кырсыгынан дагы 3 адам ооруканада көз жумду

Кечээ, 13-июнда Ош-Исфана жолунда Honda Fit жана  Daewoo Matiz унаалары кагылышып 3 адам мерт кеткен. Бүгүн, 14-июнда ооруканага жеткирилген 9 адамдын үчөөсү ооруканадан каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Каза болгондор: Дэу Матиз унаасынын 1986-жылы туулган айдоочусу, 1965-жылы туулган аял, 1989-жылы туулган аял, 2006-жылы туулган өспүрүм, 2016-жылы туулган бала, 2021-жылы туулган ымыркай.

Мындан тышкары 6 адам жабыркады. Алар Хонда Фит унаасынын айдоочусу, 2014-жылы туулган жана 2018-жылы туулган бир туугандар, 2006-жылы, 2004-жылы жана дагы бир 2006-жылы туулган бала бар. Балдар Ош облустук жана Ноокат райондук ооруканаларына жеткирилген.