Ноокатта 15 жаштагы өспүрүм асынып, каза болду

Ноокатта 15 жаштагы өспүрүм асынып, көз жумду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден тастыкташты.

9-декабрда Ноокат РИИБге Ноокат районунун тургуну 2007-жылы туулган өспүрүмдүн асынып каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты РИИБге катталып, жерине милиция барган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Маркумдун жашы жете элек болгонуна байланыштуу башка маалымат беришкен жок.