Ноокатта 48 батирлүү үй мамлекетке өттү

Ош облусунун прокуратурасы тарабынан соттук актылардын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Ноокат шаарында 48 батирлүү үй 0,48 га жер тилкеси менен биргеликте Ноокат мэриясынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз жеке тарапка сатылып кеткендиги аныкталып, сот органдарына доо арыз келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуран билдиришти.

Доо арыз сот органдары тарабынан канааттандырылып, мыйзамсыз түзүлгөн келишимдер жараксыз деп табылган. Натыйжада, 93 миллион 221 миң сомго бааланган 48 батирлүү үй жер тилкеси менен Ноокат шаарынын муниципалдык балансына алынды.