Ноокатта 81 жаштагы аялдын киши колдуу болушу. Шектүүлөр аныкталып жатат

Ноокат районунда пенсионер өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү маалым болгон

26-апрелде Ак-Булак айылында үй өрттөнгөнү тууралуу маалымат түшкөн. Анын жер төлөсүнөн аялдын жансыз денеси табылган. Маркумдун 81 жаштагы аял экени аныкталып, денесине кароо жүргүзүлгөн учурда тактар бар экени аныкталган. Экспертиза дайындалып, күбөлөр суралган. 

Адам өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жаткан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине бүгүн, 28-апрелде милициядан кылмышка шектүүлөр аныкталып жатканын, кошумча маалымат берилерин билдиришти.