Ноокатта 81 жаштагы киши колдуу болгон аялдын жансыз денеси жер төлөдөн табылды

Ноокат районунда пенсионер өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-апрелде Ак-Булак айылында үй өрттөнгөнү тууралуу маалымат түшкөн. Анын жер төлөсүнөн аялдын жансыз денеси табылган. Маркумдун 81 жаштагы аял экени аныкталып, денесине кароо жүргүзүлгөн учурда тактар бар экени аныкталган. Экспертиза дайындалган. Күбөлөр суралган. 

Адам өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.