Ноокатта 10 жаштагы баланы 42 жаштагы жаран тир куралы менен аткан. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
2-май күнү милицияга ооруканадан кабар келип түшкөн. Анда Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын тургуну 10 жаштагы бала үйүндө жыгылып түшүп, жараат алып кайрылгандыгын кабарлаган.
Аталган факты маалыматтык электрондук журналына катталып, аймактык караштуулугу боюнча Ноокат РИИБге жиберилген. Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө, 1-май күнү саат 19:30 чамасында жабырлануучу көчөдө ойноп жүргөндө коңшусу Ноокат районунун 42 жаштагы тургуну пневматикалык ок атуучу тир куралы менен кокустан атып алып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына алып баргандыгы аныкталган.
8-май күнү жабырлануучунун 46 жаштагы таенеси аталган окуя боюнча Ноокат РИИБге арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча териштирүү иштери уланып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.