Ноокатта кыйылган 4 өмүр: Каза болгондор бир үй-бүлө мүчөлөрү болгон

Бүгүн, 27-декабрда ӨКМ маалымат таратып, Ноокат районунун Көк-Жар айылында жайгашкан үйдөн өрт чыгып, кырсыктын кесепетинен 2 аял киши, 2 бала көз жумганын билдирген.

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Сатар Миңбаев журналисттерге окуя болгонун ырастап, үйдүн ээси, кызы жана эки небереси көз жумганын билдирди. «Таңкы саат 06:00 чамасында 1956-жылы туулган аял киши мешке от жагып коюп, кайра жатып алган. От катуу тутанып, килемге түшүп, килемден өрт тутанган. Үйдө эки кызы, эки небереси болгон. Өрттүн кесепетинен аталган аял өзү, 1982-жылы туулган кызы жана неберелери — 2009-жылы туулган (эркек бала), 2019-жылы туулган (эркек бала) балдар каза болду. Ал эми 1980-жылы туулган кызы куткарылып, ооруканага жеткирилди», — деди ал.