Ош облусунун прокуратурасы Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндө жайгашкан К.Акматов атындагы “Борбаш” орто мектебинин жылытуу системасын алмаштырууда мамлекетке 1 миллион 145 миң 600 сом зыян келтирилгендигин аныктаган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
«Мектепте жылытуу системасын оңдоп-түзөө жана кошумча бөлмө куруу иштери боюнча жумуштар иш жүзүндө аткарылбаганына карабастан, кабыл алуу документтери жасалмаланып, негизсиз түрдө төлөмдөр жүргүзүлүп келген», — деп жазылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) жана 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү Ош ОИИБнын Тергөө кызматына тапшырылды.