Ноокатта өз атасын өлтүрүүгө шектелип уулу кармалган. Соттун өкүмү

Ош облустук соту 32 жаштагы шектүүнү атасын өлтүргөндүгү үчүн 11 жылга эркинен ажыратуу жана 110 миң сом айып пул салган. Бул тууралуу соттун чечиминде айтылат.

Өкүмдө 63 жаштагы кишинин намазга чейин эртең мененки дааратын алгандыгы айтылат. Ошол учурда уулу анын башына кетмен менен урган. «Карыя кулаганда уулу аны жип менен муунтуп өлтүргөн», — деп айтылат соттун чечиминде.

Бул окуя 2020-жылдын 30-ноябрында катталган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн 15 жашынан бери психикалык жактан жабыркап, каттоодо турганы аныкталган.