Ноокатта өз жанын кыйып, кат таштаган 8-класстын окуучусу. Шектүү кармалды

Ош облусунун Ноокат районунда 8-класстын окуучусу өз жанын кыйган. Факты 25-июлда катталган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден аталган факты боюнча «өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгонун, кылмышка шектүү катары 35 жаштагы айылдашы кармалганын билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө уланып жатат.

Жергиликтүү маалымат каражаттары маркумдун өлүм алдында кат таштап кеткенин, анда ал сабалганын жазганын билдиришкен.