Ноокатта өзгөчө оор өлчөмдө баңги заты алынып, шектүү кармалды

5-июль күнү «МАК-2024» операциясынын алкагында «Кара-Куурай» аталыштагы ыкчам алдын алуу иш-чаралардын жүрүшүндө Баткен облусунун Лейлек районунун аймагында «Ө» аттуу адам өзгөчө ири өлчөмдө афган тектүү баңгизатын мыйзамсыз ташуу жана сатуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына ыкчам маалымат келип түшкөн.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ычам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында 5-июлда ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны токтотуп, айдоочусу Ноокат районунун тургуну 1985-жылы туулган А.Ө. аттуу жаран болгону аныкталган. Автоунааны тинтүү учурунда пияз салынган баштык табылып, анын ичинде скотч менен оролгон брикет болгон жалпы салмагы 2 килограмм 900 граммды түзгөн өзгөчө жыты бар ооган тектүү “гашиш” заты табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат ооган тектүү «гашиш» баңгизаты экени аныкталган.
Кармалган 1985-жылы туулган А.Ө. аттуу жаран негизинде убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бүгүнкү күндө аталган кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар улантылууда.