Ноокатта сел жүрүп, 2 боз үйдү агызып, унаа жол жабылды

Бүгүн, 23-июлда саат 17:15 чамасында Ош облусунун Ноокат районунда жааган жаандын кесепетинен Кара-Кой жана Калдай айылындагы Мурдачы жайлоосунан келген сел суулары 2 боз үйдү, Тельман-Кара-Кой ички чарбалык жолунун 25-чакырымын каптап, унаа жол жабылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана айыл аймагынан экскаватор тартылган.