Бүгүн, 30-июнь күнү селдин кесепетинен каза болгон дагы бир жарандын жансыз денеси табылды.
Учурда издөө иштерине Ош, Баткен ОИИБдин 150дөн ашуун кызматкерлери жана кызматтык иттер тартылып, дайынсыз болгон жарандарды издеп табуу, селдин кесепетинен зыян тарткан жайларды калыбына келтирүү аракеттери көрүлүүдө.