Ноокатта такси айдоочулардан акча талап кылган шектүүлөр кармалды

Ноокатта таксисттерден опузалап акча талап кылып жүргөн шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

22-январь күнү Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө 1983-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда Ноокат районунун тургундары Ноокат-Бишкек багытында таксилерден унаасын токтоткон жер үчүн жана такси кызматын аткарып жатканы үчүн акча талап кылып жаткандыгын билдирген.

Аталган арыз каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (опузалап акча талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Ноокат районунун жашоочусу 1962-жылы туулган жаран 20 миң сом акча опузалап талап кылып алып жаткан жеринен кылмышка шектүү катары кармалды.

Андан ары жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында, аталган кылмышка дагы бир шектүү Ош шаарынын жашоочусу 1992-жылы туулган жаран кармалды. Учурда шектүүлөрдүн уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар же жоктугу жана алардын башка кылмыштуу шериктерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.