Бүгүн, 14-декабрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл аймагынын Шаңкол айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Өрттү өчүрүүгө саат 08:30да Ноокат райондук №71 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт саат 10:50дө өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 1957-жылы туулган А.С. аттуу эркек киши каза болуп, Тез жардам кызматына өткөрүп берилди.