Ноокаттагы жол кырсыктан 2 адам жараат алды

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 22-чакырымында оор жүк ташуучу КамАЗ жана Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Кырсыктын кесепетинен Hyundai Porter унаасындагы 2 эркек киши жабыркаган. Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркагандарды Тез жардам кызматы Ноокат райондук ооруканага алып кеткен. Жерине 4 куткаруучу тартылган.