Ноокаттагы медреседе өспүрүмдөр уруша кетип, 14 жашар бала каза болду

Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагынында жайгашкан медреседе Гулистан айылынын тургуну 2008-жылы туулган М.М. өз ара пикир келишпестиктен улам, Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну жашы жете элек 2010-жылы туулган Ш.Ф.ны учтуу нерсе менен сайып жиберген. Анын кесепетинен Ш.Ф. алган жаратынан улам, аймактык ооруканасына медициналык жардамга жетпей каза болгон.

Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Маркумдун жансыз денесине экспертиза дайындалган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.