Ноокаттагы сел: 4 жарандын сөөгү куткаруучулар тарабынан табылган

Кечээ, 28-июнь күнү Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында катуу жаагандан жаандан улам сел жүрүп, жарандар агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан маалымдашты.
Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги, тергөө-ыкчам тобу, өздүк курам жана кошумча күчтөр чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүрүп, натыйжада 2 көпүрөнү, 10 электр мамычаларды, 10 турак үйгө сел кирип, 6 атуулду агызып кеткендиги маалым болгон. Жеринде президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгы жана жергиликтүү мамлекеттик мекеме, уюмдардын өкүлдөрүнөн ыкчам штаб түзүлүп, селге аккандарды издеп табуу, айыл тургундарынын коопсуз жайга эвакуациялоо, селдин кесепетинен зыян тарткан жагдайларды жоюу боюнча тийиштүү аракеттер башталган.
Селге агып кеткен жарандардын арасынан 4 атуулдун жансыз денеси ӨКМ тарабынан табылган. Алар Ноокат районунун 2005-жылы туулган К.Б., 2008-жылы туулган М.Б. жана С.кызы А., жана М.кызы А. (туулган жылдары тактала элек) экендиги аныкталган.
Учурда жеринде Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы жана кошумча күчтөр селге аккан, дайынсыз болуп жатан атуулдарды издеп табуу, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, селдин кесепетинен жабыр тарткан жагдайларды калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.