Ноокаттагы сел: Дагы эки жансыз дене табылды

Кечээ, 28-июнь күнү Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында катуу жаагандан жаандан улам сел жүрүп, жарандар агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан маалымдашты.
Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында 4 атуулдун жансыз денеси ӨКМ тарабынан табылып, алар Ноокат районунун 2005-жылы туулган К.Б., 2008-жылы туулган М.Б. жана С.кызы А., жана М.кызы А. (туулган жылдары тактала элек) экендиги аныкталган. Бүгүн, 29-июнь күнү 13:05 чамасында ӨКМ тарабынан селге агып кеткен жарандардын дагы 2 жансыз денеси табылды (өздүгү такталууда).