Ноокаттык ютубер кармалды. Милициянын маалыматы

Ютубдагы «За правду» баракчасынын ээсине карата Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык башаламандыктар) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка караганда, 5-июль күнү Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын тургундары чогулуп, «ЮКЦ» цемент заводуна барышып, чет элдик инвесторлордун иш алып баруусуна тоскоолдук жаратып, мурда иштеп кеткен жаранды кайрадан цемент заводуна жумушка алууну талап кылышып, бейбаштык кылышкан.

Бул факты Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Бул боюнча жарандын ютуб каналындагы “За правду” баракчасына жүктөлгөн видео материалга соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Чогултулган материалдын жана аталган экспертизанын корутундусуна ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык баш аламандыктар) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 22-октябрь күнү кылмышка шектүү катары Ош шаарынын тургуну 1983-жылы туулган К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда ыкчам-тергөө амалдары уланууда.