Жалал-Абадда ушул жылдын август айында мурдагы жубайын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалган. Кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш жаңы эле сотко өткөн. Биринчи отурум 13-октябрга белгиленген.
- 27-августка караган түнү саат 02:40 чамасында Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында жайгашкан кафелердин биринин короосунда Ноокен районунун тургуну жашы 25-30 чамалардагы аялдын кишинин колдуу болгон жансыз денеси жаткандыгы боюнча милицияга кабар түшкөн. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Каза болгон аялдын Ноокен районунун 24 жаштагы тургуну экендиги такталып, анын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык изилдөөгө берилген. Анын денесинин 17 жерине бычак сайылгандыгы аныкталган. Шектүү катары каза болгон аялдын мурдагы күйөөсү, Кочкор-Ата шаарынын тургуну 1989-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.