Ноокенде 17 жеринен бычакталып өлтүрүлүп, кафенин алдына ташталган келин. Иш сотко өттү

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Жалал-Абадда ушул жылдын август айында мурдагы жубайын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалган. Кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш жаңы эле сотко өткөн. Биринчи отурум 13-октябрга белгиленген.