Ноокенде 19 жана 16 жаштагы өспүрүмдөр киши өлтүрүүгө шектелип жатышат

Милиция Ноокендеги киши өлтүрүү фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-сентябрь күнү саат 10:30 чамасында Ноокен райондук ооруканасынын Тез жардам бөлүмүнүн дарыгери «102» номерине чалган. Ал Ноокен районунун Масы айыл аймагындагы жол четиндеги эгин талаада Ноокен районунун 1973-жылы туулган тургунун жансыз денеси жаткандыгын билдирген. Бул факты ошол эле күнү Ноокен РИИБге Жазык кодексинин 130-беренесинде (киши өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Ноокен районунун 2002 жана 2005-жылы туулган тургундары кармалышты. Шектүүлөр тергөө иштеринин жүрүшүндө окуя кандай болгонун жеринде көрсөтүп беришкен. Окуяга шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Ноокен райондук сотунда каралып, бирөөсү 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Экинчиси жашы жете өспүрүм болгондуктан Ноокен райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан ата-энесинин колуна өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө амалдары уланууда.