Ноокенде 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү өмүр бою эркинен ажыратылды

Өткөн жылдын 8-ноябрь күнү Ноокенде сайдан 19 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кыздын апасы шектүү кармалганын айтып, сот акыйкаттык чечим чыгарып берүүсүн суранган.

Бүгүн, 25-апрелде редакцияга шектүүнүн өмүр бою эркинен ажыратылганы маалым болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук сотунан тастыкташты.

«Сузак райондук сотунун 22-февралдагы өкүмү менен, соттолуучу  Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 7,8-пункттары, 283-беренесинин 1-бөлүгү, 283-беренесинин 1-бөлүгү жана 283-беренесинин 1-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, төмөндөгүдөй жаза белгиленген.

Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 7,8-пункттары менен үй-мүлкүн конфискациялоо жолу менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде кылмыштардын жыйындысы боюнча акыркы жазасы кыйла катуу эмес жазаларды сиңирүү жолу менен үй-мүлкүн конфискациялоо жолу менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылган жазасын дайындалып өзгөчө тартиптеги түзөтүү абагында өтөсү белгиленген», — дешти.