Ноокенде аял дааратканада төрөп, баласын ошол жерге таштап кеткен. Сот өкүм чыгарды

Ноокен райондук соту жергиликтүү тургунду «жаңы төрөлгөн баланы апасы өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Тергөөнүн версиясы боюнча, 32 жаштагы келин дааратканада төрөп, андан кийин ымыркайды ошол жерге таштап кеткен. Жаңы төрөлгөн ымыркайды шектүүнүн жакындары алып чыгышкан.

«Эксперттин корутундусуна ылайык, аял кош бойлуулуктун 38-39-жумасында төрөгөн, баланын салмагы 3 килограмм 540 грамм. Жаңы төрөлгөн баланын бутунда жаракат бар экени аныкталган. Бирок анын эч кандай оор жаракаты болгон эмес. Соттолуучу психикалык жактан таза. Соттун жүрүшүндө ал күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган. Айыпталуучу жакындарына конокко келгенин, бир аздан кийин дааратканага барганын айткан. Анын айтымында, ыйынганда баланын башы көрүнгөн. Ал бир нерсе кылгыча бала чуңкурга түшүп кеткен. Соттолуучу бала ыйлабагандыгын, ошондуктан ал өлдү деп ойлогондугун билдирген. Эмне кыларын билбей дааратканадан чыгып кеткен. Бир канча убакыттан кийин үйгө эжеси кирип, ажатканада бир бала ыйлап жатканын айткан. Жаңы төрөлгөн ымыркайды кошуналарынын жардамы менен алып чыгышкан. Шектүү жеңил жаза берүүнү жана анын дагы үч кызы бар экенин эске алууну суранды», — деп айтылат өкүмдө.

Белгилүү болгондой, аялдын күйөөсү Орусияда. Азыр бала апасынын жанында. Жыйынтыгында сот аны бир жылга шарттуу түрдө көзөмөлгө алуу өкүмүн чыгарган.