Ноокенде аялдын өлүмүнөн кийин жакындары жаңжал чыгарды (видео)

25-март күнү Ноокен районунун аймагында жол куруп оор атайын техника (экскаватор) менен иштеп жаткан 2001-жылы туулган жаран артынан өтүп бара жаткан Ноокен районунун 41 жаштагы тургунун сүзүп кетип, тебелеп кеткен. Кесепетинен жабырлануучу окуядан алган жараатынан улам каза болуп калган.

Бул факты Ноокен РИИБге катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

13-апрель күнү тергөөнүн жүрүшүндө шектүү 2001-жылы туулган жаран 48 саатка камакка алынган. 15-апрель күнү шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, Ноокен райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылган.

Ал арада видео тарап, жабырлануучунун жакындары милиция кызматкерин жулкулдатып жатканын көрүүгө болот. Бул учур боюнча «бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү» болуп катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.