Ноокенде жаш келинге 17 жолу бычак сайып, кафенин алдына таштап кетишкен. Мурдагы күйөөсү кармалды

Ноокен милициясы өзгөчө оор кылмыштын бетин ачты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

27-августка караган түнү саат 02:40 чамасында Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында жайгашкан кафелердин биринин короосунда Ноокен районунун тургуну жашы 25-30 чамалардагы аялдын кишинин колдуу болгон жансыз денеси жаткандыгы боюнча милицияга кабар түшкөн. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Каза болгон аялдын Ноокен районунун 24 жаштагы тургуну экендиги такталып, анын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык изилдөөгө берилген. Анын денесинин 17 жерине бычак сайылгандыгы аныкталган.

Ноокен РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында, шектүү катары каза болгон аялдын мурдагы күйөөсү, Кочкор-Ата шаарынын тургуну 1989-жылы туулган жаран кармалып, 2 айга камакка алынды.