Ноокенде жол тескөөчүгө кол көтөрүп, коркуткан айдоочу кармалды

Ноокенде жол тескөөчүгө кол көтөргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

18-октябрь күнү милициянын улук сержанты арыз менен кайрылган. Ал Ноокен районунун аймагындагы Бишкек-Ош жолунда кызмат өтөп жаткан учурда жолду бөлүп турган узун сызыкты кесип өтүп, карама-каршы тилкеге чыгып келе жаткан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын токтотуп, айдоочуга жол эрежесин бузгандыгын айтып документтерин сураган учурда, айдоочу документтерин берүүдөн баш тартып, ызы-чуу салып, кызматтык кийимине асылып, чиндерин жулуп, жакалап ары-бери сүйрөп, колуна миздүү темир алып, саям деп зомбулук көрсөткөндүгүн билдирип, жогорудагы айдоочуга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган жаран аныкталып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, өкүнүп жатканын айткан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.