Милиция Ноокендеги өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
- 26-октябрь күнү саат 15:00 чамасында милицияга маалымат түшүп, анда Ноокен районунун Кен-Сай айылына баруучу унаа жол менен Бишкек-Ош жолунун 488-чакырымынын кесилишкен жеринен 100 метр алыстыкта жолдун четиндеги арыктын ичинен жашы 35-40 чамасындагы эркек кишинин каза болгон жансыз денеси жаткандыгын билдиришкен. Кароо жүргүзүү учурунда табылган өлүктүн денесинде киши колдуу болгон жаракаттары бар, колдору жана буттары жип менен байланып көмкөрөсүнөн жаткан абалда экендиги аныкталган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин негизинде (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) кылмыш иши козголгон. Аты-жөнү аныктала элек өлүктүн жансыз денесине соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында маркумдун Өзбекстандын Наманган облусунун 38 жаштагы тургуну экендиги аныкталган. Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысына шектүү катары Шамалды-Сай шаарчасынын 1987-жылы туулган 3 тургуну, 1991-жылы туулган тургуну жана Ноокен районунун 1993-жылы туулган тургуну милицияга жеткирилген. Ошондой эле бул окуя кызганычтан улам келип чыккандыгы жана жабырлануучуга карата мыкаачылык мамиле жасалып денесине оор жараттарды келтирилгендиги аныкталган. Кармалгандар камакка алынды. Тергөө уланууда.