Ноокенде милиция кызматкери дааратканада өзүн-өзү атып алды

Кечээ, 26-январда саат 17:30 чамасында Ноокен районунун ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкери дааратканада өзүн-өзү атып алган абалда табылды. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад ОИИБинен тастыкташкан.

1989-жылы туулган милициянын ага сержанты өзүнө бекитилген Токарев табелдик куралынан башына ок чыгарып, ошол жерден жан берген. Анын мындай кадамга баруусунун себеби белгисиз. Факты «өз жанын кыюу» беренеси менен катталып, материалдар райондук прокуратурага өткөрүп берилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, кош бойлуу келинчеги бар.