Ноокенде нөшөрлөп жаан жаап, бир баланы сел алып кетти

Кечээ, 17-июнда саат 17:30 чамасында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски-Кочкор-Ата, Бостон айылдарында кокту-колоттордон топтолгон сел жүргөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Эски-Кочкор-Ата айылынын кичинекей тургуну Э.Ж. атуу өспүрүмдү сел алып кеткен. Анын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан саат 19:10до табылып, жакындарына беришкен.

Момбеков айыл аймагындагы сел каптаган Бостон айылында 2143, Эски-Кочкор-Атада 500 кожолук бар. Учурда эки айылдагы кооптуу болгон жалпы 300 турак үйдүн жашоочулары убактылуу эвакуацияланды. Мындан тышкары, сел суулары Бишкек-Ош унаа жолунун 518-чакырымын каптап, 1 чакырым аралыктагы жолдон сел суулары аккан. Саат 21:10до аталган унаа жол тазаланып, бир тараптуу ачылды.

Селдин кесепеттерин жоюуга жеринде жалпысынан 134 кызматкер, 13 инженердик техника иштеп жатат.