Ноокенде өлтүрүлгөн 19 жаштагы кыздын жакыны: «Бети, оозу шишик, башынын соо жери калбаптыр»

8-ноябрь күнү Ноокенде сайдан 19 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кызды тарбиялаган эжеси кайрылып, милиция шектүүлөрдү бат издеп таап, ал эми ишти ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков өз көзөмөлүнө алуусун суранды.

«Кыздын ата-энеси менен коңшу турабыз. Кыз менин колумда чоңойду. Үй-бүлөдө жалгыз кыз эле. 7-ноябрда саат 11:30 чамасында үйдөн курска барам деп чыгып кеткен. Саат 14:00 чамасында апасы чалган экен. Бирок телефонун алган эмес. Биз эч нерсе ойдо жок эле күтүп отурдук. Балким ала качып кетти, ачуу басар келет деп да ойлодук. Намаз окуган, ыйман жолунда жүргөн, ата-энесинин сөзүнөн чыкпаган кыз болчу. Кечке чейин кызды келет деп күттүк. Кечинде туугандардан чалып сурай баштадык. Эч кимдикинде жок. Эртеси да күттүк, жок. Анан саат 14:00 чамасында эжем экөөбүз милицияга барып, жоголду деп арыз жаздык. Жансыз денеси 9-ноябрда табылып жатат. Биз сөөктү кечээ жерге бердик. Байкуш кыздын бетинин баары көгала. Башына катуу урулган экен. Бир бети, оозу шишик. Башына эле сого берген да. Шектүүлөр бат аныкталып камалып, бул ишти ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков өзү көзөмөлгө алуусун суранабыз», — деди ал.