Ноокенде орто мектептин 5 директору менен 6 окуу бөлүм башчысы тартиптик жоопкерчиликке тартылды

Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук прокуратурасы тарабынан 25-мартта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген мектеп курагындагы балдардын укуктарынын сакталышы боюнча Ноокен райондук билим берүү бөлүмүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын тургуну ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 15 жаштагы Н.Ө. инклюзивдик ыкмада окууга жөндөмдүүлүгүнө карабастан, ушул күнгө чейин окууга тартылбай, баштапкы билим албай келгени тастыкталган.

Мындай жагдайда, Кыргыз Республиксынын «Балдар жөнүндө» Кодексинин жана Кыргыз Республикасынын «Ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Мыйзам талаптары одоно бузулууга учураган.

Ошондой эле, район аймагында инклюзивдик тартипте билим алып жаткан 66 өспүрүмдүн билим алуусунун сапатына кайчылаш текшерүү жүргүзүлүп, анда сабактардын өтүүсү күндөлүктөгүдөй толук болбогону аныкталды.

Андыктан райондук прокуратура тарабынан мыйзам талаптарынын бузулушун четтетүү жөнүндө Ноокен районунун билим берүү бөлүмүнө сунуш келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен орун алган мыйзам бузуулар четтетилген.

Мындан сырткары, тийиштүү 5 орто мектептин 5 директору менен 6 окуу бөлүм башчылары тартиптик жоопкерчиликке тартылып алдыда мындай мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча эскертилди.