Ноокенде өспүрүм кыздардын сөйкөсүн чечип кетип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө Кочкор-Ата шаарынын 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2021-жылдын 19-май күнү саат болжол менен 13:00 чамасында 11 жаштагы кызы мектептен үйүнө бараткан учурда азиат келбетиндеги жашы болжол менен 30-35 чамасында болгон белгисиз киши, алдоо жолу менен кулагындагы 12 миң сомдук сөйкөсүн чечип алып кетип калгандыгын билдирген.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) Жазык кодексинин 201-беренеси (тоноо) менен катталып, Ноокен РИИБи тарабынан сотко чейинки өндүрүш ачылган.
Жогорудагы кылмыштын бетин ачуу максатында Ноокен РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан атайын тапшырма берилген. Анын негизинде Ноокен жана Сузак РИИБдеринин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери биргелешип жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, мурда бир нече ирет соттолгон Базар-Коргон районунун тургуну 1981-жылы туулган М.У. кармалган. Бул аталган жарандын башка дагы кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталды. Анын ичинде Ноокен районунун аймагында 4, Сузакта 2, Өзгөн районунда 2 жаш өспүрүм кыздардын алтын сөйкөлөрүн чечип алып, изин жашырып кеткендиги боюнча маалыматтар билинди.
2021-жылдын 25-май күнү шектүү Жазык кодексинин 98-беренесинин негизинде 48 саатка Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда анын башка кылмыш иштери боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.