Ноокенде сел жүрүп, 160тан ашуун үйдү суу каптады

Бүгүн, 22-июнда саат 9:00гө карата Ноокен районунун Алиев, Садырбеков айыл өкмөттөрүндө 21-июнда болжол менен саат 21:40та тынымсыз жааган жаандан улам сел жүрүп, 152 турак жайдын жана 2 социалдык объектинин, 1 менчик пахта иштетүүчү заводдун короосун, анын ичинен 9 турак жайдын ичин, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 523-чакырымын сел каптаган. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Жеринде кырдаалды жоюу үчүн ЖК кызматынын күч-каражаттарын, инженердик техникалары жана Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Жалал-Абад район шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү РӨКОдон 120 куткаруучу тартылып, сел каптаган турак жайларды түн менен тазалоо жумуштарын алып барышууда. Сел каптаган аймактар тийешелүү адистер тарабынан заласыздандырылып, сел суу менен агып келген мал жандыктар жаныбарларды коргоо кызматы тарабынан коопсуз жайга чыгарылууда. ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жана ЖК кызматтарынан ыкчам штаб уюштурулуп, жаралган кырдаалды жоюу район аймагындагы оор инженердик техникаларды тартуу боюнча тийиштүү тапшырмаларды коюлду.