Ноокенде түн ичинде атылган ок 15 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн алды

Жалал-Абадда 15 жаштагы өспүрүм мергенчилик ок атуучу куралдын огунан жан берди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

26-августка караган түнү саат 00:30 чамаларында Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын тургуну 1981-жылы туулган жаран Шайдан айыл аймагындагы почтанын жанында топтолуп отурган балдар тарапка өзүнүн мергенчилик ок атуучу куралы менен бир ирет ок чыгарган. Анын аткан огу Шайдан айыл аймагынын тургуну, 15 жаштагы баланын баш тарабына тийип, алган жараатынан улам ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

Бул окуя Ноокен РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында окуяга шектүү катары Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын тургуну кармалып, 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.