Ноокенде унаа жардан түшүп кеткен. Кырсыкта бир киши дайынсыз болуп, кийин анын жансыз денеси табылды

Ноокен районунда унаа жардан түшүп кеткен. Кырсыкта бир киши дайынсыз болуп, кийин анын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратты.

17-ноябрда Достук айыл өкмөтүнө караштуу Бел жайлоосунда Нива үлгүсүндөгү унаа жардан түшүп кеткен.  Унаада Достук айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылынын 2000-жылы, 1979-жылы, 1977-жылы туулган үч тургуну болгон. 20 жаштагы жаран ошол жерде каза болгон, 41 жаштагы жаран оор жаракат алып Майлуу-Суу шаардык ооруканасына жеткирилген, ал эми 43 жаштагы жаран дайынсыз жоголгон.

18-ноябрь күнү жалпы 15тей куткаруучу жана туугандарынан 20 адам тартылып, издөө иштери жүргүзүлгөн. Саат 12:30да куткаруучулар дайынсыз жоголгон адамдын жансыз денесин таап, жардын астынан аркан менен алып чыгышып, туугандарына өткөрүп беришти.