Ноокендеги сел: Бишкек-Ош унаа жолунда эки тараптуу каттам жанданды

Кечээ, 17-июнь күнү катуу жааган жамгырдан улам Ноокен районунда сел жүрүп, Бишкек-Ош унаа жолунун 516-517-чакырымдар аралыгында каттам үчүн кыйынчылыктар жаралган. Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен жол бетиндеги сел агызган кум, шагыл, таштарды тазалап, эки тараптуу каттам жанданды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.
Ошондой эле Кочкор-Ата — Хиля — Хлоппункт (0-4-чакырымдар аралыгы), Кочкор — Майлуу-Сай унаа жолунун (0-6-чакырымдар аралыгы) жер кыртыштарын сел жууп кеткен. Калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.