Кечээ, 10-июнда милицияга эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан маалымдашты.
Милиция кызматкерлери барган учурда Ново-Покровка айылында жайгашкан үйлөрдүн биринин бастырмасынын артына курулуш иштерин жүргүзүп жаткан жерден адамдын сөөгү чыкканына күбө болушкан. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан бул сөөктүн аты-жөнү такталып, ал 2021-жылдын декабрь айынан бери дайынсыз жоголуп издөөдө жүргөн 1977-жылы туулган жаран болуп чыккан.
Андан аркы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делип, өлтүрүлгөн адам менен чоогу жашаган 1969-жылы туулган жаран кармалды. Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, 7-декабрда саат 22:00дөр чамасында үй-бүлөлүк чырдан улам аял шеригин бычактап өлтүрүп, андан кийин аны үйдүн короосуна көмүп койгону аныкталган. Дайынсыз жоголуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул аял жалган көрсөтмө берип келгени да такталды. Учурда кылмышка шектүү Ысык-Ата райондук ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.