Новопокровкадагы №3 абакка баңгизат ыргытууга шектелип 18 жаштагы жигит кармалды

Кечээ, 12-июнь күнү саат 04:00дөр чамасында Новопокровка айылындагы №3 мекеменин кайтарылган тосмосунун жанынан Аламүдүн районундагы айылдардын биринин 18 жаштагы тургуну тыюу салынган буюмдарды колониянын аймагына өткөрүүгө аракет кылган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ЖАКтан билдиришти.

Тинтүү учурунда полиэтиленге оролгон таңгак табылып, анын ичинде баңгизаттарына мүнөздүү жыты бар жашыл зат болгон. Кармалган жарандын өзү жана бул окуя боюнча материалдар иликтөө үчүн Ысык-Ата РИИБге өткөрүп берилди.