Новосибирск шаарынын Киров райондук соту 28 жаштагы Кыргыз жаранын 5 жыл 1 айга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кести. Тергөөдө ал досунун үч баласын уурдап кетип, аларды кайтарып берүү үчүн 15 миң рубль талап кылганы аныкталган. Бул тууралуу Тергөө комитетинин Новосибирск облусу боюнча башкармалыгы билдирди.
Кыргызстандык Новосибирск шаарына иштегени барган. Ал 5 баласы бар досу менен жашап жүргөн. «2022-жылдын декабрь айында материалдык абалын жакшыртуу максатында, тактап айтканда, балдарын кайтарып берүү үчүн 15 миң рубль алуу максатында досунун үч баласын уурдоону көздөгөн», — деп айтылат маалыматта.
Ал үч баласын, батирдин документтерин алып, кийин Орусиядан чыгып кетүү үчүн Томск шаарына кеткен. Бирок ал кишини милиция кызматкерлери темир жол бекетинен кармашкан. Сот Кыргыз жаранын пайда көрүү максатында жашы жете электерди уурдоо беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, беш жыл бир айга эркиндигинен ажыратууга өкүм кылды.