Новосибирскте үйдө газ жарылганда жабыркаган кыргызстандык аял көз жумду

9-февралда Новосибирск шаарында көп кабаттуу үйдө газдын жарылуусунан улам Кыргыз жаранынын бел омурткасы сынып, травматология жана ортопедия институтунда жаткырылып, омурткасына операция жасалган.

21-февралда жабыркаган жаран реабилитациялоо жана калыбына келтирүү үчүн Бердск шаарындагы ОРТОС реабилитациялык борборуна которулган. Бирок 24-февралда Кыргыз жараны реабилитациялык борбордон тромбоэмболия диагнозу менен Бердск шаардык борбордук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилип, көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан борбордук ооруканада көз жумган.

Каза болгон жарандын өлүмүнүн чоо-жайын тактоо жана жакындарына консулдук юридикалык жардам көрсөтүү үчүн 25-февралда Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун кызматкерлери Бердск шаарына жөнөтүлүп, алар оорукананын реаниматологу жана башкы дарыгеринин орун басары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Жарандын сөөгүн алып чыгуу үчүн ооруканада тиешелүү документтерди даярдоодо, ошондой эле кыргыз диаспорасы менен биргеликте Жүк-200 Кыргызстанга жөнөтүүдө.

Башкы консулдугуна маркумдун жолдошуна чет өлкөдө каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине алып келүү боюнча чыгымдарды жабуу үчүн бир жолку жөлөкпул алуу боюнча арызы кабыл алынып, каза болгон Кыргыз жаранынын жашы жете элек эки баласына Кыргыз Республикасына кайтып келүү жөнүндө күбөлүктөрү берилген. 25-февралда каза болгон Кыргыз жараны сөөгү Новосибирск шаарынан Ош шаарына жөнөтүлгөн.