Новосибирсктеги курулушта 20 жаштагы кыргызстандык каза болгону маалымдалды

Новосибирск шаарында 20 жаштагы кыргызстандык курулушта 13-кабаттан кулап каза болду. Бул тууралуу маалымат ВКонтакте социалдык тармагындагы «Инцидент Новосибирск» баракчасында жарыяланды.

Маркумдун үй-бүлөсү курулушта коопсуздук чаралары сакталган эмес деп эсептейт. Курулуш компаниясынын өкүлдөрү ишти жаап-жашырууга аракет кылууда. «Прорабдар ишти жапкысы келип, бизге акча сунушташат. Кайда барсак болот?» — деп жазган маркумдун тууганы басылманын астындагы комментарийлерге.

«Вести Новосибирск» басылмасынын маалыматы боюнча, Тергөө комитети окуя боюнча иликтөөнү баштады, анын жыйынтыгында процессуалдык чечим чыгарылат.