«Андай болгон эмес». Мотуев анын үстүнөн зордуктоо боюнча арыз түшкөнү тууралуу үн катты

Кечээ, 7-февралда Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясына Нурлан Мотуевге карата арыз түшкөнүн билдиришкен.

Маалыматка караганда, кыз өз арызында өткөн жылдын август айында ал үйүнө алдап алып келип, жыныстык катнашка барганын билдирген. Жогорудагы факты каттоого алынып, экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери башталган болчу.

Нурлан Мотуев жергиликтүү маалымат каражаттарына маек берип жатып, бул жалаа экенин айтты.

«Иши кылып эле мени жаман көрсөтүп, шерменде кылыш керек да. Андай эч качан болгон эмес. Ал кыз тарабынан акча талап кылуу болгон. Бул окуяны жөн калтырбайм, ал кыздын үстүнөн арыз жазам», — деди ал.