«Общакка беришиң керек». Ошто жигиттин унаасын коркутуп, тартып алышкан

4-июль күнү Ош облусунун 2001-жылы туулган тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызда өзүнө таандык болгон Фольксваген Поло үлгүсүндөгү унаасын чала тааныш балдар «общакка беришиң керек» деп ачкычы менен документин алып, белгисиз тарапка айдап кетишкен. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Факты боюнча кылмыш иши козголуп, шетүүлөрдү тергөөгө камсыздоо боюнча тиешелүү кызматтарга атайын тапшырма берилген.

Берилген тапшырманын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенуу кызматты тарабынан аталган кылмышка шектүү катары Ош облусунун 1997-жылы туулган жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.